Кыргызстандан тыйын чычкан ташып бараткан өзбекстандык киши кармалды. Видео

Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Өзбекстандын жараны Кыргызстандан 13 тыйын чычканды алып чыгып кетүүгө аракет кылган. Бул туурасында Чек ара кызматы кабарлады.
43 жаштагы эркек кишини "Достук" көзөмөл-өткөрүү жайынан кармашкан. Үч рюкзакка капастагы тыйын чычкандарды салып, үстүн башка буюм-тайымдар менен жаап койгон. Ал эми жаныбарлар боюнча тиешелүү документтер толтурулган эмес.
Кармалган киши андан жандыктарды өткөрүп берүүнү суранышканын айткан. Буюртма берген кишиге жаныбарлардын эмне үчүн керек болгону белгисиз.
Аталган факт боюнча тартип коргоо органдары иш алып барып жатканы айтылды.
УКМК: Өзбекстанга 3,7 млн. сомдук мал айдап кетүүгө аракет кылгандар кармалды