АКШ: чиркөө мектебинде окуучулар менен педагогдор ок жеп көз жумду

Кандуу окуяны 28 жаштагы Одри Хейл аттуу трансгендер аял жасаганы кабарланды.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. АКШнын президенти Жозеф Байден Нэшвилл (Теннесси штаты) шаарындагы чиркөө мектебинде ок чыгып кан төгүлгөн окуядан кийин мамлекеттик тууларды түшүрүүгө көрсөтмө берди. Бул туурасында РИА Новости жазды.
Үч окуучу менен үч педагог көз жумган трагедия кечээ болгон. Шаардык полициянын жетекчиси Жон Дрейк кандуу окуяны 28 жаштагы Одри Хейл аттуу трансгендер аял жасагандыгын билдирди. Кол салууну Хейл алдын ала пландаган. Эки мылтык жана бир тапанча менен куралданган кылмышкерди полиция ошол жерден жок кылган. Тергөөчүлөр мотив катары анын жынысын алмаштырганын карап жатышат.
Маалыматта Ак үйдөгү жана АКШнын башка мамлекеттик мекемелериндеги, чет жактагы дипломатиялык өкүлчүлүктөрдөгү, аскердик базалардагы туулар "31-мартта күн чыкканга чейин" түшүрүлөрү айтылды.
Таиландда мурдагы полиция кызматкери 32 кишини атып салды, көбү балдар