20 млн. сомдук чыгым. УКМК Mega компаниясынын дагы бир экс-жетекчисин кармады

Ушул эле кылмыш иши боюнча буга чейин компаниянын директорунун мурдагы орун басары кармалган эле.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Mega соода маркасындагы "Альфа Телеком" ишканасынын мурдагы жетекчилеринин бири жабдууларды ашыкча баа менен сатып алган деген шек менен кармалды. Бул туурасында УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, IT-технология боюнча департаментинин мурдагы жетекчиси Д.Б.Б. тендердин катышуучулары менен жеке келишим түзүп, жогорулатылган баада IT жабдууларын сатып алган. Кылмыш ишин тергөө учурунда тиешелүү экспертизалар дайындалып, салыктарды эсепке албаганда 20 миллион сомго жакын зыян келтирилгени аныкталды. Анын алкагында Д.Б.Б. кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө иштери жүрүп жатат.
Белгилей кетсек, ушул эле кылмыш иши боюнча 10-мартта Mega компаниясынын директорунун мурдагы орун басары П.М.А. кармалган.
Бийлик MEGA компаниясы жеке колго өтпөй, мамлекеттик менчикте каларын айтты