Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын эксперттик жыйыны өттү. Сүрөт

Россиялык делегациянын курамында мамлекеттик органдардын жана ишкердик чөйрөнүн 101 өкүлү бар.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча эксперттик жыйыны өттү. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча эксперттик жыйыны өттү

2 / 3

Анда кыргыз тараптан экономика министринин орун басары Канат Абдрахматов, Россия жагын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин КМШ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык департаментинин директору Юлия Нестерчук жетектеген

3 / 3

Абдрахматов кыргыз-орус мамилеси ар дайым өзгөчө өз ара түшүнүшүү жана толук ишеним менен айырмаланып келгенин айтты

Анда кыргыз тараптан экономика министринин орун басары Канат Абдрахматов, Россия жагын Экономикалык өнүктүрүү министрлигинин КМШ өлкөлөрү менен экономикалык кызматташтык департаментинин директору Юлия Нестерчук жетектеген.
Абдрахматов кыргыз-орус мамилеси ар дайым өзгөчө өз ара түшүнүшүү жана толук ишеним менен айырмаланып келгенин айтты. Ал эми бекем достук ымаласы жана стратегиялык өнөктөштүгү жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачарын белгиледи. Ошондой эле энергетика, айыл чарба, өнөр жай өндүрүшү жана башка тармактарда биргелешкен долбоорлорду илгерилетүүгө өлкөлөрдүн кызыкчылыгы бар экенин кошумчалады.
Россиялык делегация менен мамлекеттик органдардан жана ишкердик чөйрөсүнөн 101 өкүл келген. Анын ичинде “Росатом” мамлекеттик корпорациясы, “Россия экспорттук борбору”, “ЭКСАР”, "Газпромбанк", "Корпорация "МСП", "Интер РАО", "Россети" компаниялары жана Россиянын өнөр жай жана ишкерлер союзу бар.
Эртең, 29-мартта, Бишкекте кыргыз-орус өкмөттөр аралык комиссиянын соода-экономика, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча жыйыны өтөт. Ага министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Россия өкмөт башчысынын орун басары Алексей Оверчук жетекчилик кылат. Анын алкагында эки тараптуу кызматташтык маселелери талкууланат.
Кыргызстан менен Россия кайсы тармактарда биргелешкен ишканаларды ачары айтылды