Кыргызстандын ички карызы рекорддук суммага жетти. Министрликтин түшүндүрмөсү

Учурда жалпы карыздын 19,7 пайызын ички карыз түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Финансы министрлиги мамлекеттин ички карызы рекорддук суммага жеткенине байланыштуу түшүндүрмө берди.
Белгилей кетсек, тышкы карыз — башка өлкөлөрдүн жана эл аралык уюмдардын чет элдик валютада берген насыясы. Ички карыз сом менен мамлекеттик баалуу кагаздарды чыгаруунун эсебинен түзүлөт. Баалуу кагаздар бюджетти толтурат.
Январь айынын аягында ички карыздын көлөмү 95 миллиард 660,5 миллион сомду түзүп, рекорддук көрсөткүч болгон. Мындай сумма Ички дүң продукциянын 10,32 пайызына барабар.
"2022-2024-жылдарга мамлекеттик карызды башкаруу стратегиясына ылайык, насыянын ИДПга карата максаттуу катышы 70 пайыздан ашпашы керек. Бүгүнкү күндө мамлекеттик карыздын деңгээли белгиленген чектен бир нече пайызга төмөн, карыз (ички, тышкы) ИДПнын 52,33 пайызын түзөт. Бул мамлекеттик карыздын деңгээли туруктуу дегенди билдирет. Ички карыздын басымдуулугу дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө байкалып жатканын баса белгилейбиз", — деп айтылат маалыматта.
Ал эми жалпы карыздын 19,7 пайызын ички карыз түзөрү белгиленди. Маалыматка ылайык, Финансы министрлиги мамлекеттик программаларды жана өнүктүрүү долбоорлорун ишке ашыруу максатында ички булактардын жаңы инструменттерин колдонот, муну менен катар келечекте мамлекеттик карыздын структурасында ички бересе көбөйөт.
Ички карыз тышкыга караганда бир катар артыкчылыктарга ээ:
ички карыздарды алууда акчанын куну канчалык өзгөрүлбөсүн тобокелдик жаралбайт;
ички карыздар боюнча пайыздарды жана негизги карызды төлөөдө ички кредиторлор пайда табышат;
инфляцияны жана девальвацияны эске алуу менен ички карызды тейлөөнүн наркы тышкы карызды тейлөөгө кеткен чыгымдардан бир топ төмөн.
Ошондой эле мамлекеттик карызды тейлөөгө каражат толук көлөмдө каралып, өз убагында төлөнүп жатканы кошумчаланды.
Кыргызстан төлөй турган карыздын суммасы көбөйө баштады. Статистика