БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Кыргызстандын улуттук командасы футбол боюнча жолдоштук беттеште Индиянын оюнчуларына 0:2 эсебинде утулуп калды.
Оюн “Үч улуттун кубогу” турниринин алкагында Индияда өттү.
Бүгүн үч өлкөнүн жолдоштук турниринин акыркы оюну болду. Буга чейин Индия Мьянманы 1:0 эсебинде уткан, ал эми Кыргызстан Мьянма менен 1:1 эсебинде тең чыккан. Жыйынтыгында Кыргызстан менен Мьянма бирден упай алып, талаа ээси Индия үч упай чогултту.
Эскерте кетсек, майда Азия кубогуна чүчү кулак тартылат.
Кыргызстандын курама командасы финалдык бөлүккө ушуну менен экинчи ирет чыгып жатат. Биринчи жолу 2019-жылы өткөн турнирге катышып, 1/8 бөлүккө чейин жеткен.
Азия кубогу — 2023 Катарда 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин өтөт. Ага квалификациядан өткөн күчтүү 24 команда катышмакчы.
Алгач Азия кубогун 2023-жылы жайында Кытайда өткөрүү каралган, бирок өлкө бийлиги COVID-19га байланышкан чектөөлөрдөн улам турнирди өткөрүүдөн баш тарткан. Биринчиликти климаты ысык келген Катарда кийинки жылдын кыш айларында өткөрүү чечими кабыл алынган болчу.