Радио

Көз айнектин баасына эмес, ыңгайына караш керек. Офтальмологдун кеңеши

Көз дарыгери Кундуз Бекбоева кандай учурларда көз айнек көздүн көрүүсүнүн начарлап кетишинен сактай турганын айтты.
Sputnik
Көз айнек биринчи кезекте ыңгайлуу болушу шарт. Бул тууралуу Кундуз Бекбоева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, көз айнектин сапаты баасына жараша деп ойлоо — жаңылыштык.
"Азыр көз айнектердин өтө көп түрү бар. Биздин эл көбүнчө Кытайдан келген көз айнектерди колдонот. Европадан келген көз айнектер сапаттуу деп айтылат, бирок биринчи кезекте ал ыңгайлуу болушу керек. Эгер көзгө ыңгайлуу болбосо, анын сапаты да, баасы да маанисиз. Көз чарчап кеткенде же ага көз айнекке муктаждык жаралганын адам өзү сезет. Ошол кезде көз айнекти колдонуп калуу көздүн начарлоосун алдын алат. Мындан улам жарык көп тийген маалда, кар бар учурда, шамал катуу болуп жатканда, күндүн нуру тийип турганда, унаа айдап баратканда күндүз жана кечкиге карата өзүнчө көз айнектерди колдонгон оң", — деди көз дарыгери.
Ал компьютерде отурганда андан коргонуучу көз айнек тагуу да маанилүү экенин кошумчалады.