БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Сочиде "Большая перемена" конкурсунун төртүнчү сезону башталды. Бул тууралуу уюштуруучулар билдирди.
Сынак жаштар иши боюнча федералдык агенттиктин (Росмолодежь) долбоору болуп саналып, "Россия — мүмкүнчүлүктөрдүн өлкөсү" аттуу президенттик линейкага кирет. Иш-чара Агартуу министрлигинин колдоосу менен өтүп келет. "Большая перемена" россиялык "Движение первых" аттуу балдар жана жаштар кыймылынын түптөөчүлөрүнүн бири болуп саналат.
"Большая перемена" сынагынын жаңы сезону эки күндүк марафон форматында өтүп жатат. Анын алкагында сынактын мурдагы үч сезонунун жеңүүчүлөрүнүн жана устаттардын чогулушу болот. Марафондун билим берүүчү программасына сынактын 12 багыты боюнча шыктандырган сессиялар, дискуссиялар жана мастер-класстар камтылган. Калыстар тобу катышуучуларды беш жөндөм (команда менен иштөө, креативдүүлүк, логикалык ой жүгүртүү, байланыш жана кызматташуу) боюнча баалайт.
"Большая перемена" сынагынын өнөктөштөрү жаштар үчүн өз долбоорлорун сунушташат.
Ага катышуу үчүн уюштуруучулардын сайтына кирип катталуу керек.