Ак-Ордодогу чуу: прокуратура 4 кызматкерди жана жер саткан аялды кармады

Райондук кызматкерлер менен өзүнчө топтор биригип алып жер тилкелердин документтерин жасалмалап жеке менчикке чыгарып, сатышкандыгы аныкталган.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Ак-Ордо конушунда жер тилкелерин мыйзамсыз сатууга шектелип бир нече адам кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Башкы көзөмөл органы тарабынан Сокулук районунун Новопавловка айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Ордо конушундагы жерлерди мыйзамсыз берүү фактылары боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси ("Коррупция") менен кылмыш иши козголгон.
Текшерүүдө, Сокулуктагы кызмат адамдары менен өзүнчө топтор биригип алып жер тилкелердин документтерин жасалмалоо менен жеке менчикке чыгарып, сатышкандыгы аныкталган.
Натыйжада кылмышка шектүү катары райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын мурдагы орун басары А.Б.Т., башкармалыктын адиси С.Т.М., райондук мамлекеттик каттоо кызматынын жерге жайгаштыруу бөлүмүнүн жетектөөчү адиси М.Р.А., аталган кызматтын мурунку картографы Д.А.О. жана М.Р.Ж. аттуу аял кармалган.
Учурда тергөө башкармалыгы тарабынан аталган кылмыш ишке тийиштүү башка тараптарды аныктоо чаралары көрүлүүдө.
Жер мунапысы: соттун чечими жок эле "кызыл китеп" жасоого уруксат берилди