29-мартка карата аба ырайы

29-мартка караган түнү өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңголок, тайгак болот.
Sputnik
БИШКЕК, 28-мар. — Sputnik. Шаршембиде күндүз Чүй, Таластын айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Ал эми калган облустарда күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +17...+22, Талас жергесинде +15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +20...+25, Ысык-Көл чөлкөмүндө +13...+18, ал эми Нарында +9...+14 градус болору айтылды.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +19...+21 жана Ош калаасында +23...+25 градуска жетет.
Дыйкандар жеңилдетилген насыяны мал чарбасына көп алат. Статистика