Россиянын 2 млрд. долларлык долбоорлору КРде ишке ашып жатат

Жыйындын жүрүшүндө тараптар кооперациялык кызматташууга жана ата мекендик бизнестин долбоорлорун Кыргызстандын аймагында иштетүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстанда Россия катышкан 40тан ашык ири долбоор ишке ашууда. Бул тууралуу РФ экономиканы өнүктүрүү министринин орун басары Дмитрий Вольвач Россия-Кыргыз кеңешинин жыйынында билдирди.
Белгилей кетсек, экономикалык жана инвестициялык кызматташтык боюнча жумушчу топ менен өкмөттөр аралык комиссиянын ишин Россия тараптан Вольвач карайт.
Эки мамлекеттин соода-экономикалык, илимий-техникалык жана гуманитардык кызматташтык боюнча өкмөттөр аралык жыйыны 29-мартка белгиленген. Иш-чара Бишкекте өтөт.
Кеңештин жыйынында КМШ мамлекеттери менен кызматташуу боюнча россиялык департаменттин директору Юлия Нестерчук эки өлкөнүн соода-экономикалык мамиледеги жогорку потенциалын белгиледи. Анын айтымында, Россия менен Кыргызстандын соода тармагындагы өсүү динамикасы сакталып турат. 2022-жылы эки мамлекеттин соода жүгүртүүсү 2021-жылга салыштырмалуу 36,8 пайызга жогорулаган. Жыйындын жүрүшүндө тараптар кооперациялык кызматташууга жана ата мекендик бизнестин долбоорлорун Кыргызстандын аймагында иштетүүгө өзгөчө көңүл бурушту.
Нестерчук долбоорлорду колдоого алуунун эффективдүүлүгү тууралуу да айтып берди. Ал мисал катары постсоветтик мейкиндиктеги биринчи ачылган эки тараптуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондун атады. Март айындагы маалыматтар боюнча, үч миңден ашык долбоорду каржылоого 496 миллион доллар сарпталган. Анын көпчүлүк бөлүгү кичи жана орто бизнеске туура келет.
Жыйындын жүрүшүндө тараптар эки жактуу кызматташуунун негизги форматы өкмөттөр аралык комиссиянын иши экени белгиленди.
Ошондой эле орус-кыргыз инвесторлорунун кызыкчылыгын көздөгөн инвестициялык долбоорлорду эки өлкөнүн экономика министрликтеринин экономикалык жана инвестициялык бирдиктүү жумушчу тобу тарабынан талкууланмай болду.
Жамалдинов Россиядан келген делегация менен Ошко мектеп курууну талкуулады