Жамалдинов Россиядан келген делегация менен Ошко мектеп курууну талкуулады

Облус жетекчиси аймакта көп орундуу мектеп курууга ылайыктуу жерлер бар экенин кошумчалаган.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков, Россия президентинин чет өлкөлөр менен маданий жана аймактар аралык байланыш башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков жетектеген делегация менен жолугушту. Бул туурасында облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4

Президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Россия-кыргыз өнүктүрүү фондунун төрагасы Артем Новиков, Россия президентинин чет өлкөлөр менен маданий жана аймактар аралык байланыш башкармалыгынын башчысынын орун басары Антон Рыбаков жетектеген делегация менен жолугушту.

2 / 4

Жолугушууда РФ тарабынан курулуучу орус тилдүү мектептин курулушу жана жер аянтын бөлүү маселелери талкууланган

3 / 4

Рыбаков Кыргызстанга 9 орус тилдүү мектептин курулушу жүргүзүлө турганын, анын ичинде Ош облусу бар экенин айткан

4 / 4

Жолугушууда мындан ары да эки тараптуу кызматташуу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.

Жолугушууда РФ тарабынан курулуучу орус тилдүү мектептин курулушу жана жер аянтын бөлүү маселелери талкууланган.
Рыбаков Кыргызстанга 9 орус тилдүү мектептин курулушу жүргүзүлө турганын, анын ичинде Ош облусу бар экенин айткан.
Ал эми Жамалдинов ал мектепке Өзгөн районундагы Жылалды айыл өкмөтүнө караган Прогресс айылында жер тилке бөлүнүп, документ иштери бүткөнүн белгилеген. Мындан сырткары, облус аймагында көп орундуу мектеп курууга ылайыктуу жерлер бар экенин кошумчалаган.
Жолугушууда мындан ары да эки тараптуу кызматташуу, долбоорлорду ишке ашыруу боюнча сүйлөшүүлөр жүргөн.
Россия Кыргызстанда кура турган 9 мектеп кандай болот? Видео