БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандык мектеп окуучусунун россиялыктарга салыштырмалуу РФ окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгү жогору. Бул тууралуу Кыргызстандагы Россотрудничествонун жетекчиси Альберт Зульхарнеев билдирди.
Ал Кыргызстандын транспорт тармагына кадрларды даярдоого арналган тегерек столго катышты. Иш-чара Бишкекте евразиялык билимдин V эл аралык көргөзмөсүнүн алкагында өтүп жатат. Көргөзмөнү Россиянын Кыргызстандагы элчилиги, Россотрудничество, КРдин Билим берүү жана Транспорт министрликтери колдоого алды.
"Кыргызстандык мектеп окуучусунун россиялыктарга салыштырмалуу РФ окуу жайына тапшыруу мүмкүнчүлүгү жогору экенин баарына айтып келем. Каалоочулар квота боюнча Россияга келип РФ жарандары менен бирдей шартта экзамендерди тапшыра алышат", — деди Зульхарнеев.
Ал дагы эмне деди:
Соңку жылдары Россиядагы жогорку окуу жайларда кыргызстандыктар үчүн орундар көбөйүп жатат. Бир нече жыл мурда 275 квота берилсе, азыр 700гө жетти;
Квотаны дагы көбөйтүү же көбөйтпөө маселеси талкууланып жатат;
Квотага бакалавриат менен специалитет гана эмес, магистратура, ординатура жана кошумча адистик билим дагы кирет. Негизи бакалавриат менен специалитетти баары билишет, бирок башкалары боюнча маалымат анча тараган эмес.
Белгилей кетсек, көргөзмө 27-29-март аралыгында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтөт.