Радио

Асаналиева: кыргыз саймасына чет элдиктердин кызыгуусу күч

"Илме" көргөзмөсүнүн катышуучусу Чынаркүл Асаналиева сайманы сайып жаткан кезде позитивдүү ойлонуу маанилүү экенин айтты.
Sputnik
17-мартта башталган "Илме" көргөзмөсүнө эл көп келип жатат. Алардын ичинен өзгөчө чет элдиктер кыргыз саймаларына өтө кызыгып жаткандыгын Чынаркүл Асаналиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аталган көргөзмөнүн эң жаш катышуучусу 14 жашта.
"Азыркы кезде "Илме" көргөзмөсүнө абдан көп эл келип жатат. Өзгөчө башка өлкөдөн келген туристтердин кыргыз саймасына болгон кызыгуусу күч экен. Биздин негизги максатыбыз — кыргыздын каада-салтын өчүрбөй, улантып кетүү. Ар бир сайма өзүнчө бир чеберчилик менен жараларын жана ар биринин өзүнүн маани-маңызы бар экенин келгендерге түшүндүрүп беребиз. Эл өтө жакшы кабыл алууда. Мени жаштардын кызыгып, ар кандай суроолорду бергени өзгөчө сүйүндүрүп жатат. Сайманы жакшы ой менен, башкача айтканда, позитивдүү маанай менен сайганда ал жакшы чыгат. Жаман нерселерди ойлоп отуруп алсаң сайма да ойдогудай сайылбайт. Мына ушул нерсени да жаш кыз-келиндерге түшүндүрүүгө аракет кылып жатабыз", — деди Асаналиева.
Ал аталган иш-чара Семён Чуйков атындагы арт-галереяда (Эмен паркы) өтүп жатканын жана 30-мартта жыйынтыктала турганын кошумчалады.