Кушчубеков Венгриядан сырткары дагы бир өлкөгө элчи болду. Жаңы жарлык

Кыргызстандын Венгриядагы элчиси эми Словениядагы дипөкүлчүлүктү да жетектейт.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандын Венгриядагы элчиси Талантбек Кушчубеков мурдагы дипломатиялык кызматы менен кошо Словениядагы элчи болуп дайындалды. Бул боюнча президент Садыр Жапаров атайын жарлыкка кол койгонун мамлекет башчысынын маалымат кызматынан кабарлады.
"Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, Кыргызстандын Венгриядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Талантбек Кушчубеков Будапешт шаарындагы резиденциясы менен бир эле убакта өлкөнүн Словения Республикасындагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси болуп дайындалды", — деп айтылат таратылган маалыматта.
Кушчубеков Венгриядагы элчилик кызматка 2021-жылдын соңунда дайындалган.
Кыргызстандын Япониядагы элчиси дайындалды