Радио

Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпионаты өтөт

Көк бөрү федерациясынын вице-президенти Рамис Жунусалиев көк бөрүнү эл аралык деңгээлге чыгаруу иштерине басым жасалып жатканын айтты.
Sputnik
Ушул жылдын август айында Ысык-Көлдө көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпионатын өткөрүү пландалууда. Бул тууралуу Рамис Жунусалиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ири мелдешке кытайлык кыргыздар, Казакстан, Өзбекстан, Монголия, АКШ, Россия, Түркия, Венгрия сыяктуу өлкөлөрдөн 12 команда катышмакчы.
"Көк бөрү оюну акыркы жылдары абдан жакшы темп менен өсүп, жаштардын кызыгуусу күчөдү. Өзгөчө Көчмөндөр оюндары улуттук спорттун кадырын көтөрүп, дүйнөгө таанытты. Учурда оюнду эл аралык деңгээлге чыгаруу максатында бир топ иштер жасалып жатат. Алсак, ушул жылдын август айында Ысык-Көлдүн жээгинде көк бөрү боюнча клубдар аралык дүйнө чемпионатын өткөрүү пландалууда. Бүгүнкү күндө сүйлөшүүлөр жүрүп, иш-чараны өткөрүү маселелери каралып жатат. Ага Казакстан, Өзбекстан, Монголия, АКШ, Россия, Түркия, Венгрия сыяктуу өлкөлөрдөн 12 команда катышат. Мелдешке жакындаганда дагы так маалымат жарыялайбыз", — деди Жунусалиев.
Ошондой эле адис көк бөрү оюнуна жеринен күбө болууга кызыккандардын саны абдан көп болгондуктан ат майданына муктаждык жогору болуп жаткандыгын кошумчалады.