Кыргызстандан 1,2 млн. долларлык героин алып чыккан Тажикстандын жараны кармалды

Баңги каналынын уюштуруучусу Алматы шаарынан колго түшүрүлгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 27-мар. — Sputnik. Кыргызстандан өзгөчө ири өлчөмдөгү героин ташуу менен алектенип жүргөн деп Тажикстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.
1 / 3

Кыргызстандан өзгөчө ири өлчөмдөгү героин ташуу менен алектенип жүргөн деп Тажикстандын жараны кармалды

2 / 3

Баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы белгиленди

3 / 3

ИИМдин маалыматы боюнча, жогоруда табылган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң долларды түзөт.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы, УКМК жана Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин ыкчам кызматкерлери атайын операция жүргүзүшкөн.
"Натыйжада Кыргызстан аркылуу афган тектүү баңгизаттардын ири партияларын ташууга жана сатууга адистешкен эл аралык баңги тобунун ишине бөгөт коюлду. 100 килограммдан ашык героин баңгизатын ташыган жана сактаган баңги каналынын уюштуруучусу Тажикстандын 37 жаштагы К.О.А. аттуу атуулу Алматы шаарынан кармалды. Ал Кыргызстандын аймагынан ташып жүргөн", — деп айтылат маалыматта.
Баңги тобунун башка катышуучуларын аныктоого багытталган иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
ИИМдин маалыматы боюнча, жогоруда табылган баңгизаттын болжолдуу баасы 1 миллион 190 миң долларды түзөт.
Милиция Бишкекте баңгизат саткан шектүүнү дрон менен аңдып кармады. Видео