Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык ардагер Украина армиясынын алиге чейин күрөшүп жаткан себебин айтты

Дрейвендин пикирине караганда, Украинанын Куралдуу күчтөрү жеңилсе альянстын аскер кызматкерлеринин бири да үйүнө кайтып келбейт.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Эгерде НАТО аскерлери алардын тарабында болуп, кошо күрөшпөгөндө Украина армиясы россиялык аскердик күчтөргө каршылык көрсөтө албайт эле. Бул туурасында РИА Новости америкалык ардагер жана жазуучу Ноктис Дрейвендин социалдык баракчасындагы постуна таянып маалымдады.
"Азыркы жоокерлерди наамдарынан баш тарттырып жана украиналык аскер формасын кийгизүү Вашингтонго кыйын болгон деле жок. Бул батыштык башка союздаштарга да тиешелүү", — деп кошумчалаган ал.
Дрейвендин пикирине караганда, бул маалымат эч качан расмий түрдө айтылбайт, анткени Украинанын Куралдуу күчтөрү жеңилсе альянстын аскер кызматкерлеринин бири да үйүнө кайтып келбейт.
"Эгерде ал жерде жалаң гана украиналык аскерлер кармашып жатса Киев мурда эле урамак. Бул нерсе азыркыга чейин талкууланып жатканына айран таңмын", — деп оюн жыйынтыктаган ардагер.
Украинада учурда 64кө чукул өлкөдөн сегиз миңге жакын жалданма аскер согушуп жүргөнү буга чейин айтылган. Алардын ичинен басымдуу бөлүгү АКШ, Канада, Румыния, Улуу Британия жана Польшадан экендиги маалым болгон. Жалданмалык кылуу көп мамлекеттерде мыйзам чегинде тыюу салынганы менен бул нерсе баары бир бар.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украинага келген. Жок кылынган чет элдик жалданма согушкерлердин видеосу