Жапаров Кыргызстандын абадан коргонуу бөлүктөрүн капыстан барып текшерди

Президенттин казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу боюнча тапшырма бергени айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын абадан коргонуу бөлүктөрүнө капыстан барып, алардын абалы менен таанышты. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат катчысы кабарлады.
1 / 2

Президент Садыр Жапаров бүгүн Кыргызстандын абадан коргонуу бөлүктөрүнө капыстан барып, алардын абалы менен таанышты

2 / 2

Анын аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкканы айтылды

Анын аскер кызматкерлеринин кызмат өтөө шарттарын карап чыкканы айтылды.
“1961-жылдан бери бул жердеги имараттар, курулуштар капиталдык оңдоп-түзөөдөн өткөн эмес. Президент казармаларды жана офицерлер үй-бүлөсү менен жашаган турак жайларды куруу, капиталдык реконструкциялоо иштерин үч айдын ичинде бүткөрүү тапшырмасын берди”, — деп айтылат маалыматта.
Жапаровдун, мындан сырткары, аскер кызматкерлеринин кызмат өтөөсүнүн башка шарттарын да жакшыртууну тапшырганын билдиришти.
Садыр Жапаров Чүйдөгү Кой-Таш аскер бөлүгүн капыстан барып текшерди. Сүрөт