Путин: Россия Кытай менен аскердик союз түзбөйт

Батыш фашисттик Германия жана милитаристтик Япония сындуу жаңы багытын кура баштаганы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. РФ лидери Владимир Путин Россия Кытай менен аскердик союз түзбөстүгүн жана кооптуулук эч кайсы мамлекетке жаралбагандыгын айтканын РИА Новости жазды.

"Бул чындыкка коошпогон нерсе, себеби биз Кытай менен эч кандай аскердик союз түзгөн жокпуз", — деген ал "Россия 24" каналында Павел Зарубинге маек берип жаткан учурда узатылган соболго.

Анда Россия Кытай менен биргеликте Батышка кооптуулук жараткан багытта иштейт деген маанайда кеп болуп жатканы боюнча суроо берилген.
Россия лидери Батыш фашисттик Германия жана милитаристтик Япония курган жаңы багытты түптөй баштаганын белгилеген.
Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин "чоң казаты". Ой толгоо