"Түндүк агымдагы" жардырууга АКШнын тиешеси бар. Путин Херштин иликтөөсүн колдойт

Америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херш 8-февраль күнү Европага газ экспорттогон россиялык газ түтүктөрүндөгү теракт боюнча иликтөөсүн жарыялаган.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Россиянын президенти Владимир Путин америкалык журналист Сеймур Херштин "Түндүк агымдагы" жардырууга АКШ атайын кызматтарынын тиешеси бар деген тыянагын толугу менен колдойт. Бул тууралуу ал "Россия 24" телеканалынын кабарчысы Павел Зарубин менен маек куруп жатып билдиргенин РИА Новости жазды.
Өлкө лидеринин айтымында, Дания аталган аймакта жарылуу кооптуулугу жок деп жар салгандан кийин түтүктү карап текшерүүдөн азыр майнап чыкпайт.
Америкалык журналист, Пулитцер сыйлыгынын лауреаты Сеймур Херш 8-февраль күнү Европага газ экспорттогон россиялык газ түтүктөрүндөгү теракт боюнча иликтөөсүн жарыялаган. Өз маалымат булагына таянуу менен ал жардыруучу түзүлүштөр магистралдын алдына 2022-жылдын июнь айында Baltops машыгуусуна жамынып АКШнын Аскер-деңиз күчтөрүнүн суучулдары орнотконун жазган. Херштин айтымында, аларга норвегиялык адистер көмөктөшкөн. Журналист операция боюнча чечимди АКШ президенти Жо Байден тогуз айлык талкуудан кийин кабыл алганын белгилеген эле.
Кийинчерээк британиялык The Telegraph гезити Батыштын атайын кызматтары "Түндүк агымдагы" терактыларга украиналык бизнесмендин тиешеси бар деген пикирде экенин жазып чыккан. Ал эми The New York Times гезити россиялык газды Европага жеткирүүнүн негизги маршрутун украиналык топ жарактан чыгарганын, бул адамдардын планынан Киев бийлиги кабардар болбогонун маалымдаган.
РФ президентинин маалымат катчысы Дмитрий Песков мындай билдирүүлөр алагды кылууга багытталган аракет экенин белгилеген болчу.
Блинкен АКШнын "Түндүк агымдагы" жардырууга тиешеси жок экенин билдирди