Чакан насыя берген компанияларга кредиттик картасын чыгарууга уруксат берүү каралууда

Ошондой эле микрокредиттик компанияларга дагы бир нече операция жүргүзүүгө уруксат берилет.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кыргызстандын микрокредиттик компанияларына насыялык карталарды чыгарууга жана башка операцияларды жүргүзүүгө уруксат берүү каралууда. Улуттук банк "Микрофинансы уюмдары жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү даярдап, коомдук талкууга койду.
Микрокредиттик компаниялар үчүн төмөнкү операцияларды жеткиликтүү кылуу сунушталууда:
алдын ала чыгарылган "Элкарт" кредиттик карталарын даярдоо (ээсинин аты-жөнүн көрсөтпөстөн дароо чыгарылат).
төлөм карталарын, локалдык электрондук QR-коддорду жана башка төлөм инструменттерин тейлөө (эквайринг).
Ошол эле учурда операциялар Улуттук банктын лицензиясында көрсөтүлүүгө тийиш.
Демилгечилер мунун баары накталай эмес төлөмдөрдүн үлүшүн көбөйтүүгө жардам берерине ишенет. Аталган кызмат көрсөтүүлөр буга чейин сыноодон өткөнү белгиленди.
Быйыл жеңилдетилген айыл чарба насыясынын суммасы 1,6 млрд. сомго азайды