Көөнө Сөз

Бышырылып, майда тууралган эт "нарын" делет. Манасчы чечмеледи

"Көйкашка" коомдук фондунун мүчөсү, манасчы Нурбек Талантбеков "Манас" эпосунда кездешкен көөнө сөздү чечмелеп берди.
Sputnik
Бышырылып, майда тууралган эт "Манас" эпосунда "нарын" делет. Бул тууралуу Нурбек Талантбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Көөнө сөз" рубрикасында билдирди.
Анын айтымында, аталган сөз бир нече мааниде колдонулуп келет.
"Адатта "нарын" дегенди географиялык аталыш катары кабылдашат. Бул сөз "кууш капчыгай", "тар өзөн" дегенди түшүндүрөрү айтылып калат. Бирок бул сөзгө аймактын аталышы коошпой калууда. Маселен, Нарын облусу аймагы боюнча республикада эң чоң аймак. Ата-бабалар жер-суу аттарын затына жараштырып берген. "Манаста" "нарын" сөзү майда тууралган кара кесек эт дегенди түшүндүрөт", — деди Талантбеков.
Манасчы Нарындын мурдагы аталышы суунун башы дегенди билдирген "Сушо" деген аталыш менен улуу дастанда кездешерин кошумчалады.