Жашоосун киного айланткан режиссер. Актан Арым Кубаттын сүрөттөгү ирмемдери

Бүгүн — таланттуу кинорежиссер, сценарист Актан Арым Кубаттын туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги 66 жашка толгон киночунун өмүрү, чыгармачылыгындагы кызыктуу ирмемдерди сунуштайт.
Sputnik
Актан Арым Кубат 1957-жылы 26-мартта Чүй облусунун Сокулук районундагы Күн-Туу айылында төрөлүп, таякесинин колунда өскөн. Айылдагы мектепти аяктаган соң Фрунзе шаарындагы Семён Чуйков атындагы көркөм сүрөт училищесинде билим алып, жаш жигит бир жылдай Гапар Айтиевдин өнөрканасында да окуган. Кийин "Кыргызфильмге" келип сүрөтчү, декоратор, ассистент болуп иштеп, анан кинематографияга баш-оту менен киришкен. КРдин эл артисти эмгек жолунда "Бешкемпир", "Келин", "Маймыл", "Свет-аке", "Эсимде" өңдүү 20дан ашык өзгөчө кинокартиналарды жараткан.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреатынын эмгектеринин басымдуу бөлүгү өзүнүн жашоосунан алынып, ал эмгектери бир катар эл аралык фестивалдарга катышкан. Актан Арым Кубат — Европа киноискусство академиясынын мүчөсү.
Жубайы экөө эки кыз, бир уулду тарбиялап-өстүргөн. Кыздары чыгармачылыктан алыс болсо, уулу Мирлан Абдыкалыков ата жолун улап, бул тармакта ийгиликтерди жаратып келет.
1 / 14

"Кыргызфильмде" эмгектенген сүрөтчү, декоратор, ассистент

2 / 14

Кыргызстандык кинематографисттер союзунун съезди. Сүрөттө: Актан Арым Кубат, Хасан Кыдыралиев жана башка киночулар

3 / 14

Геннадий Базаровдун "Биринчи" кинокартинасында Актан Арым Кубат ат чабыштын массовкасында. Анда ал сүрөтчүнүн милдеттин аткарган.

4 / 14

"Ордо" студиясында ылай чылап реклама тарткан киночулар. Сүрөттө чака көтөргөн Актан Арым Кубат.

5 / 14

Кезектеги кинокартина боюнча иштеп жаткан киночулар. Үсөнжан Ибрагимовдун "Куугунтук" кинофильминдеги кадр.

6 / 14

Караколдо 1989-жылы "Айың" көркөм фильмин тартуу учуру. Анда Геннадий Базаров режиссерлукту, Арым Кубат сүрөтчүлүктү, Манас Мусаев операторлукту аркалаган.

7 / 14

Альгимантас Видугиристин "Гидростанция" фильминин чыгармачыл тобу. Арым Кубат анын сүрөтчүсү болгон.

8 / 14

Кумтөр алтын кени жөнүндө даректүү фильм тарткан режиссер Актан Арым Кубат менен оператор Талант Акынбеков

9 / 14

Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты чет элдик кесиптештери менен узак убакыттан бери тыгыз иштешип келет

10 / 14

Актан Арым Кубат кинолорунун көбүн жеке жашоосунун негизинде камерага түшүрүп келет

11 / 14

"Азия Оскарынын" гран-приси болуп эсептелген Азия-Тынч океан киноакадемиясынын (APSA) сыйлыгын жеңип алган "Эсимде" тасмасындагы кызыктуу кадр

12 / 14

Кинорежиссердун далай сыйлыктарды багындырган "Кентавр" кинокартинасы. Сүрөттө актриса Таалайкан Абазова менен режиссер Актан Арым Кубат.

13 / 14

Актан Арым Кубат өзү жараткан "Кентавр" фильминде баш каармандын ролун өзү ойногон

14 / 14

Ата-бала, эки муундагы киночулар. КРдин эл артисти Актан Арым Кубат менен уулу, режиссер Мирлан Абдыкалыков.

Тема боюнча:
Күчтүү сүрөткер, залкар режиссёр. Геннадий Базаровдун сүрөттө калган элеси
Жашоосун театр, киного байлаган Бакыт Мукул 58 жашта. Режиссердун сүрөттөрү