Гондурас Кытай менен достошуп, Тайвань менен мамилесин үздү

Кытай менен Тайвандын ортосундагы келишпестик өткөн жылы АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери аралга баргандан кийин курчуп кеткен.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Гондурас Тайвань менен дипломатиялык мамилесин токтотуп, Кытай менен достошууну чечти. Бул тууралуу Гондурастын Тышкы иштер министрлигине таянып "Известия" агенттиги жазды.
"Гондурас дүйнөдө бир гана Кытайдын бар экенин тааныйт, Кытайдын өкмөтү жалгыз мыйзамдуу башкаруучу болуп саналат. Тайвань — Кытайдын аймагынын ажырагыс бөлүгү", — деп айтылган мекеменин Twitter баракчасында.
Буга чейин 13-мартта Си Цзиньпин Кытай Тайвань менен биригүү аракетин алдыга жылдырууга ниеттенип жатканын билдирген. Лидер аны каражатты жана күчтү аябаган артыкчылыктуу багыт экенин белгилеген.
5-мартта Кытайдын 2023-жылга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планы жарыяланган. Анда Пекин Тайвандын көз карандысыздыгына каршы күрөштү улантып, арал провинциясы менен кайра биригүүгө аракет көрөрү айтылган.
Кытай менен Тайвандын ортосундагы келишпестик АКШнын Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелоси өткөн жылдын август айында аралга баргандан кийин курчуп кеткен.
Кытай Тайванды өзүнүн аймагы деп эсептеп, башка өлкөлөрдүн расмий өкүлдөрүнүн аралга келишин Тайвандын көз карандысыздыгын колдоо катары баалап келет.
Блинкен: АКШ Кытай менен катуу атаандаштыкта