Орозо эмдөөдөн бузулабы? Муфтияттын жообу

Дин башкармалыгы орозо учурунда сыркоолоп калган адам сөзсүз түрдө дарыгердин кеңешин алышы керектигин айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Орозо кармаган адамдарга эмдөөдөн өтүүгө болот. Андан орозо бузулбайт жана ооз ачылып калбайт. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгы билдиргенин Республикалык штаб жазды.
Маалыматка ылайык, коронавирус инфекциясынын өтө оор формасына чалдыгып, орозо кармаганга дарамети жетпесе, анда ал адамга орозо кармабаганга уруксат берилет.
"Эгерде күндүзгү убакта адамга маал-маалы менен дары-дармек ичүү зарыл болсо, орозону токтото турууга болот. Бейтап оорудан толук айыккандан кийин орозону кармашы керек", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле Дин башкармалыгы адам кандай гана абалда болбосун, сөзсүз дарылап жаткан дарыгери менен кеңешүүсү зарыл экенин белгилеген.
Муфтият быйылкы битир-садаганын өлчөмүн бекитти