Баткенде кийинки жумада кайсы күндөрү аба ырайы ачык болот

Жуманын ортосу жаан-чачындуу болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Алдыдагы аптада Баткен облусунда аба ырайы кандай болорун Кыргыз гидрометеорология агенттиги айтып берди.
Жуманын башында, 27-28-мартта, жаан-чачын жаабайт. Ал эми шамалдын ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге жетет.
Жуманын ортосунда, 29-30-31-мартта, күндүз тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, бийик тоолуу райондорго кар түшүшү күтүлөт. Ал эми 1-2-апрелде күн ачык болот.
Бийик тоолуу райондордо жолдор тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Ошто 27 градуска чейин жылыйт. Келе жаткан жумага карата аба ырайы