БИШКЕК, 26-мар. — Sputnik. Кургак учук оорусу, аны алдын алуу жана илдетти жуктуруп алганда эмне кылыш керектиги боюнча Республикалык ден соолукту чыңдоо борборунун адистери айтып берди.
"Башкысы, өз убагында аныкталып жана дарылаган учурда дарт толугу менен айыгат", — деп айтылган анда.
Ал "Сак-саламат" Telegram каналына жарыяланып, видеосу YouTube каналына жайгаштырылды.
Кургак учук менен ар бир адам ооруп калышы мүмкүн;
Оору кургак учук менен сыркоологон адамдан жөтөлүү, чүчкүрүү жана сүйлөшүү учурунда жугат;
Бул дарт тукум куубайт, ошондой эле кол алышуу, идиш-аяк, сүлгү жана башка тиричилик буюмдары аркылуу жукпайт;
Кургак учук көп учурда өпкөнү жабыркатат, бирок башка органдар дагы андан жапа чегиши мүмкүн;
Оорунун белгилери пайда болгон учурда жашаган жери боюнча үй-бүлөлүк дарыгерге кайрылуу керек, ал текшерүүлөрдү дайындайт;
Өз учурунда аныкталганда жана дарылаганда кургак учук айыгат.