Радио

Протоколсуз милиция тинте албайт. Адвокат жай жарандын укугу тууралуу

Жактоочу Куватбек Шатманов милиция кызматкерлери кайсы учурда жарандын жеке буюмдарын тинтүүгө ала аларын айтып берди.
Sputnik
Административдик мыйзам бузуунун алкагында милиция кызматкери жаранды көчөдөн токтоткон учурда себебин айтып, өзүн тааныштырып, ким экенин тастыктаган документин көрсөтүүсү керек. Бул тууралуу Куватбек Шатманов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, кандайдыр бир жүргүзүлүп жаткан рейд учурунда да милиция токтоткон эле кишинин жеке буюмдарын дароо тинтүүгө ала албайт.
"Эгер жаранды тартип сакчылар шектүү катары эмес, административдик мыйзам бузуунун алкагында көчөдөн токтотсо, ал тургай бөлүмгө алып келсе да протокол түзүлмөйүн анын жеке буюмдарын тинтүүгө укугу жок. Ал эми протокол мыйзам бузулганы анык болгон учурда түзүлөт. Ага чейин сизди бөлүмгө алып келген учурда да эч кандай протоколу жок жеке буюмдарын тинтүүгө, алып коюуга жол бербеңиз. Ал эми шектүү катары Кылмыш-жаза кодексинин алкагында кармалган учурда эрежелер башка. Мисалы. ар кандай рейддердин алкагында көчөдөн токтотуп калышы мүмкүн. Ошондо да эгер өспүрүмдөргө ылайыкташкан рейд болсо чоң кишилерди токтотуп алып эле документ сурап, жеке буюмдарын, чөнтөктөрүн тинте бербеши керек", — деди Шатманов.
Адвокат жеке буюмдарды протоколдун негизинде тартип сакчылары алып койгон учурда да маселе чечилген соң толугу менен кайтарып берүүгө милдеттенерин кошумчалады.