Мамлекеттик токой фондун пайдалангандыгы үчүн төлөм жүргүзүүгө "Токой пайдалануу" автоматташтырылган маалымат системасы иштей баштады. Өлкөдөгү бардык 41 токой чарбаларына системанын иши толук тааныштырылып, алымча-кошумчалары болду. Бул тууралуу Бекболот Ызак уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, токойду коргоо, сактоо, калыбына келтирүү, түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана пайдалануу үчүн ижарачылардан төлөмдөрдүн эсебин алуу эми системага салынат.
"Мамлекеттик токой фондусун пайдалангандыгы үчүн төлөм жүргүзүүгө "Токой пайдалануу" автоматташтырылган маалымат системасы иштелип чыкты. Буга чейин система сыноодон өтүп, бир катар оңдоп түзөтүүлөр киргизилди. Муну менен токойду коргоо, сактоо, калыбына келтирүү, түшүмдүүлүгүн жогорулатуу жана пайдалануу үчүн ижарачылардан төлөмдөрдүн эсебин алуу эми системага салынат. Платформа аркылуу ижарачылардын төлөгөн төлөмдөрдү көзөмөлдөп туруу, токойду кандай пайдаланып жаткандыгы тууралуу да маалыматтар жайгаштырылат", — деди Ызак уулу.
Ошондой эле адис кыска убакытта "Жашыл мурас" улуттук өнөктүгү жакшы натыйжа берип жаткандыгын кошумчалады.