Путин менен Эрдоган телефон аркылуу байланышты. Сүйлөшүүнүн маанилүү учурлары

Президенттер россиялык эгинди Түркияда кайра иштетүү боюнча да пикир алышкан. Бекер ун Африканын жакыр өлкөлөрүнө жөнөтүлмөкчү.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Россия менен Түркиянын президенттери телефон аркылуу сүйлөшкөнүн Кремль билдирди.
Владимир Путин менен Режеп Тайип Эрдогандын баарлашуусунун урунттуу учурлары:
россиялык эгинди Түркияда кайра иштетүү, бекер ун Африканын жакыр өлкөлөрүнө жөнөтүлмөкчү;
Түркия Москванын россиялык айыл чарба продукциясы үчүн бардык тоскоолдуктарды жоюу боюнча келишимдердин толук аткарылышын талап кылуу ниетин туура кабыл алат;
президенттер россиялык курулуш материалдарынын Түркиянын инфраструктурасын калыбына келтирүү үчүн жеткирилиш механизмдерин карап чыгууга кызыкдар;
Эрдоган Россиянын азык-түлүк боюнча Стамбул келишиминин мөөнөтүн 60 күнгө узартууга макулдугун жогору баалайт;
түрк-орус мамилелерди өнүктүрүүнүн маанилүүлүгү белгиленди.
The Telegraph: Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүнө санкция киргизиши мүмкүн