ЖМК: Пекин Байдендин Си Цзиньпин менен сүйлөшүү далалатын колдогон жок

Эгер эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүп калса, бул алардын 2020-жылдын ноябрындагы жолугушуусунан берки биринчи баарлашуусу болмок.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кытай жетекчилиги өлкө лидери Си Цзиньпин менен АКШ президенти Жо Байдендин телефон аркылуу сүйлөшүүсүнө кызыкдар эместигин Reuters басылмасы маалымат булактарына таянуу менен жазды.
Ак үйдүн маалымат катчысы Жон Кирби CNN телеканалына Байден кытайлык кесиптеши менен сүйлөшкүсү келгенин, бирок анын убактысы азырынча белгилене электигин билдирген. Кирби кийинчерээк Вашингтон сүйлөшүү "өз убагында" болот деп үмүттөнөрүн, бирок Кытай лидери ушул тапта "бош эмес" экенин айткан.
Агенттик Си Цзиньпин менен Байдендин сүйлөшүүсү Пекин менен Вашингтондун мамилесин жөнгө салуудагы биринчи кадам болушу мүмкүн экенин жазган. Бирок америкалык дипломаттардын аракетине карабастан, Кытай буга "көп деле кызыкдар эмес экенин" көрсөткөн. Эгер сүйлөшүп калышса бул эки өлкө башчыларынын былтыр ноябрда Балиде өткөн G20 саммитинде жолуккандан берки биринчи байланышы болмок.
АКШ администрациясы Кытай лидеринин Москвага жакында болгон сапарынан улам Байден менен Синин сүйлөшүүсүн уюштурууга кызыкдар экенин ачыктап келет. КЭР төрагасы 20-22-мартта Россияга мамлекеттик сапары менен барган. Бул анын президент болуп үчүнчү мөөнөткө кайра шайлангандан кийинки чет өлкөгө жасалган биринчи сапары болду.
Дүйшөмбүдө Си Цзиньпин Россиянын президенти Владимир Путин менен бейформал жолугушуу өткөрүп, шейшембиде делегациялардын катышуусунда Россия-Кытай сүйлөшүүлөрү өттү. Сапардын жүрүшүндө 2030-жылга чейин орус-кытай экономикалык кызматташтыгынын негизги багыттарын өнүктүрүү планы боюнча биргелешкен билдирүүгө кол коюлду.
Владимир Путин менен Си Цзиньпиндин "чоң казаты". Ой толгоо