Коляскадагы майыпты бийик жерден кулаткан шектүү кармалды. Жабырлануучу көз жумган

Кылмышка шектүү эмне себептен мындай кадамга барганы азырынча белгисиз.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Бишкекте белгисиз жаран майыптардын коляскасында отурган кишини бийиктиктен түртүп жиберип, жыйынтыгында 35 жаштагы жаран алган жаракатынан улам ооруканада каза болду. Бул тууралуу Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын маалымат кызматы билдирди.
"2023-жылдын 23-мартында 102 кызматына №4 шаардык ооруканасында 1988-жылы туулган Д. М. аттуу жаран 11-12-омурткаларынын сынышынан улам каза болгондугу тууралуу маалымат түшкөн", — деп айтылат маалыматта.
Иликтөөнүн жүрүшүндө милиция жабырлануучу 21-мартта Рыскулов жана Заводской Поселок көчөлөрүнүн кесилишиндеги каналдан табылганын аныктаган.
"Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренеси ("Адамдын өлүмүнө алып келген ден соолукка оор залал келтирүү") боюнча кылмыш иши козголгон. Шектүү делип 40 жаштагы жаран кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди", — деп билдирди шаардык милиция.
Учурда экспертизалар дайындалып, тергөө иштери уланууда.
Алайда милиционерди мыкаачылык менен өлтүргөндөр 15 жылга кесилди