Кыргызстан футболчулары Мьянма командасы менен тең чыкты

Улуттук команда акыркы мүнөттөрдө оюндун эсебин теңөөгө жетишти.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Кыргызстан футболчулары Мьянма командасы менен тең чыкты.
Оюн 1:1 эсеби менен аяктаган. Улуттук команданы утулуудан акыркы мүнөттөрдө атаандаштын дарбазасына гол киргизген Кайрат Жыргалбек уулу сактап калды.
Матч Индияда "Үч улуттун кубогу" эл аралык турниринин алкагында өткөн. 28-март күнү кыргызстандыктар талаа ээси болгон Индия менен беттешет.
Эскерте кетсек, майда Азия кубогуна чүчү кулак тартылат.
Кыргызстандын курама командасы финалдык бөлүккө ушуну менен экинчи ирет чыгып жатат. Биринчи жолу 2019-жылы өткөн турнирге катышып, 1/8 бөлүккө чейин жеткен.
Азия кубогу — 2023 Катарда 2024-жылы 12-январдан 10-февралга чейин өтөт. Ага квалификациядан өткөн күчтүү 24 команда катышмакчы.
Алгач Азия кубогун 2023-жылы жайында Кытайда өткөрүү каралган, бирок өлкө бийлиги COVID-19га байланышкан чектөөлөрдөн улам турнирди өткөрүүдөн баш тарткан. Биринчиликти климаты ысык келген Катарда кийинки жылдын кыш айларында өткөрүү чечими кабыл алынган болчу.
Кыргызстандык 26 балбан күрөш боюнча Астанадагы Азия чемпионатына катышат