Кыргызстан төлөй турган карыздын суммасы көбөйө баштады. Статистика

Ачык маалыматтарга ылайык, быйыл карызга берилчү каражаттын суммасы рекорддук көрсөткүчкө жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын январь-февраль айында Кыргызстан мамлекеттик карызды тейлөөгө 4 миллиард 129,2 миллион сом жумшады. Бул тууралуу Финансы министрлиги билдирди.
Аталган каражаттын 2,5 миллиард сому сырткы карызды, 1,6 миллиарды ички бересени төлөөгө сарпталган.
Былтыркы жылдын алгачкы эки айында мындай багытка 3,5 миллиард сом которулган болчу.
Жалпысынан быйыл мамлекеттик карыздан кутулуу үчүн 48 миллиард 625,4 миллион сом бөлүү пландалууда.
Финансы министрлигинин сайтындагы ачык маалыматтарга ылайык, бул 2005-жылдан берки рекорддук сумма. Салыштыруу үчүн айтсак, 2022-жылы карызды төлөөгө 33,6 миллиард сом коротулган эле.
2023-жылдын январь айындагы статистика боюнча, Кыргызстандын мамлекеттик карызынын көлөмү 5 миллиард 631 миллион долларга жетти. Анын ичинен 4,5 миллиарды чет өлкөлүк донорлордон алынган акча.
Февралда Улуттук банк 122,9 млн. доллар сатты. Анын резервге таасири