The Telegraph: Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүнө санкция киргизиши мүмкүн

Брюссель аймактагы мамлекеттер менен алардын Россияга болчу жардамынын кесепети тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого ниеттенүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 25-мар. — Sputnik. Евробиримдик Борбор Азия өлкөлөрүнө каршы санкция киргизиши мүмкүн экенин британиялык The Telegraph гезити документке таянуу менен жазып чыкты.
Анда Евробиримдиктин өкүлдөрү Борбор Азия өлкөлөрүнө кош максаттуу технологиялык товарларды жеткирүүнүн көлөмү өскөнүн катташканы айтылат. Мында кеп кир жуучу машина жана эски автоунаалар тууралуу болууда. Брюссель аталган технологиялардын Россияга жетиши мүмкүн деп кооптонуп жатат.
Басылманын маалыматы боюнча, эгер Евробиримдик реэкспорт болуп жатканына далил таба турган болсо бардык мамлекетке, ишканаларга же анык бир адамдарга өзүнүн бирдиктүү рыногуна жолду жаап коё алат. Анткен менен Брюссель БА мамлекеттери менен алардын Россияга болчу жардамынын кесепети тууралуу сүйлөшүүлөрдү баштоого ниеттенүүдө.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Зеленский: Украина куралдын жетишсиздигинен контрчабуул жасай албайт