Боомду каптаган өрт толук өчүрүлдү. ӨКМ кесепети тууралуу айтты

Өрт чыккан аймакта учурда нөөмөт уюштурулган, адистер байкоо салып турушат.
Sputnik
БИШКЕК, 21-мар. — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги Боом капчыгайында чыккан өрт толугу менен өчүрүлгөнүн билдирди.
Белгилей кетсек, кечээ, 24-мартта, Боом капчыгайындагы Көк-Мойнок-2 айылында саат 12:34 чамасында ар кайсы тилкеден өрт чыккан. Тилсиз жоо Бишкек — Нарын — Торугарт унаа жолунун жана Бишкек — Балыкчы темир жолунун айланасында катталган.
Маалыматка ылайык, кырсыктан эки сарай жана бир үйдүн дубалы, 50 гектар аянттагы куураган чөп, бадалдар, бак-дарактар күйгөн.
Жерине үч өрт өчүрүүчү унаа, ар кайсы кызматтардан 140 адам тартылып, кечээ кечки саат 21:34тө жалын толук өчүрүлгөн.
Өрт чыккан аймакта учурда Балыкчы шаардык өрткө каршы куткаруу бөлүгү жана Токой чарба кызматы тарабынан нөөмөт уюштурулуп, адистер байкоо салып турушат.
Кудум кинодогудай! Боомдо жол боюн каптаган өрттүн үрөй учурган видеосу