БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Ош технологиялык университетинин жетекчилиги Россия Федерациясынын Ростов-на-Дону жана Ярославль шаарларынан келген делегация менен жолукту. Бул тууралуу аталган окуу жайдан билдирди.
Маалыматка ылайык, Ярославль шаарынын мэринин коомчулук менен иш жүргүзүү жана эл аралык байланыштар боюнча орун басары Вячеслав Гаврилов жана Ростов-на-Дону шаарынын администрация башчысынын орун басары Елена Кожухова баштаган жумушчу топ Ош шаарына келген.
Алар ЖОЖдор аралык кызматташуу жаатында эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүү, мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу боюнча билим берүү программалары, профессордук-окутуучулук курам менен биргеликте илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү маселелерин талкуулашкан.
Иш-чаранын жүрүшүндө келечекте Ростов-на-Дону жана Ярославль шаарлары менен орто жана жогорку кесиптик билим берүү, ар кандай илимий долбоорлорду ишке ашыруу тармагында кызматташтык программасына кол коюу боюнча сүйлөшүүлөр жүрдү.