Өткөн жылдын декабрь айында эл аралык бизнести өнүктүрүүнүн алкагында Ozon Бишкекте сорттоочу борборду ишке киргизди. Анда тапшырыктарды кабыл алуу, аларды комплектациялоо жана таңгактоо, кайтаруу иштери аткарылат. Бул тууралуу Алмаз Асеинов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, Ozon 23 жылдан бери рынокто иштеп келе жатат.
"Россиянын Ozon маркетплейси Бишкекте кеңсесин ачып, сорттоочу борборду ишке киргизди. Маркетплейс Кыргызстандын аймагында өзүнүн логистикалык инфраструктурасын куруп жатат. Бул жергиликтүү сатуучулардын Россия рыногуна чыгуусун жеңилдетүү жана Кыргызстандан товарларды тез жеткирүү үчүн зарыл. Ошондой эле бул участокто текстиль буюмдарынын жана чарбалык товарлардын ассортиментин кеӊейтүүгө жардам берет. Кыргызстанда логистикалык комплекстин ачылышы жергиликтүү ишкерлердин Россия рыногуна чыгуусун жеңилдетет жана аларды аталган маркетплейстин Россиядагы 32 миллион сатып алуучусу бар аудиториясына сатууга мүмкүндүк берет. Кыргызстандын ишкерлери үчүн Россия Федерациясындагы Ozon кампасынан сатуу, сатуучунун жергиликтүү кампасынан сатуу жана Ozon аркылуу жеткирүү, ошондой эле үчүнчү тараптын логистикалык кызматтары аркылуу жеткирүү өӊдүү бардык схемалар бар. Бул компания бизнесин локализациялаган КМШдагы үчүнчү өлкө болуп саналат. 2021-жылдан бери Ozon Беларусь жана Казакстанда бизнесин жайылтууда. Ozon 23 жылдан бери рынокто иштеп келе жатат. Жеткирүүчүлөрдүн, сатуучулардын, бренддердин жана кардарлардын кызыкчылыктарын коргогон ишенимдүү платформа. Бул дүйнөнүн ар кайсы аймактарынан туруктуу сатууну камсыз кылуу үчүн кызматтардын арсеналына ээ", — деди Асеинов.
Ишкер онлайн-базарда соода кылуу, өз аккаунтун ачуу жана электрондук сооданын сырлары менен бөлүшүп, кыргызстандыктарды өзү негиздеген курсунда окутуп жатканын кошумчалады.