Москвада бычакташкан кыргызстандыктар: бир жигит каза болуп, төртөө кармалды

Жаңжал учурунда бычак жеген дагы бир мекендеш ооруканада жатат.
Sputnik
Шпигельное названиеМосква облусунда Кыргызстандын эки жараны бычакталып, бирөө каза болду. Кылмышка шектүү катары төрт кыргызстандык кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.
Окуя 22-мартта таңкы саат 04:10дор чамасында болуп, Россия ИИМинин Москва облусундагы Красногорск району боюнча башкармалыгынын Павшино кичи районунун полиция бөлүмүнө Подмосковный бульварындагы үйлөрдүн биринин жанында эс-учун жоготкон адамдар жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Полиция барганда Кыргызстандын эки жараны бычакталганы аныкталган. Алардын бири Сокулук районунун 18 жаштагы тургуну К. уулу А. тез жардам келгенче каза болгон. Экинчи жабырлануучу Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун 19 жаштагы тургуну Х.Р. аймактык ооруканага жаткырылган.
"Окуя болгон жерден көзөмөл камерасынын жазуусу каралып, айрым буюмдар табылган. Полиция бөлүмүнүн ыкчам кызматкерлери КР ИИМинин Россиядагы өкүлчүлүгү менен биргеликте комплекстүү ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүшкөн. Натыйжада кылмышка тиешеси бар адамдар аныкталып, төртөө кармалды. Шектүүлөр 20-21 жаштагылар, баары Кыргызстандын жарандары. Тинтүү учурунда пневматикалык тапанча жана бычак табылды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кылмыш чыр-чатактын негизинде жасалган. Жакында сот шектүүлөрдүн баш коргоо чарасын тандайт", — деп айтылат маалыматта.
Бул факт боюнча Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин 105 ("Киши өлтүрүү") жана 30-105-беренесинин ("Эки же андан көп адамды өлтүрүүгө аракет кылуу") негизинде кылмыш иши козголгон.
ИИМ мекендештерге кайрылып, чет өлкөдө иштеп жүргөндө өздөрүнүн кадыр-баркына доо кетирбөөгө чакырды. Мындай кылмыштуу окуялар алдын алуу жаатындагы аракеттерди, анын ичинде мигранттар коомчулугунун ишин жокко чыгарып жатканын белгиледи.
Бишкекте Россиянын уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Видео