Орто-Токойго чакан ГЭС курулат. Кытайлык компания менен келишим түзүлдү

Орто-Токой суу сактагычы Чу дарыясынын агымын жөндөө жана 120 гектар сугат жерди сугаруу үчүн курулган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. "Чакан ГЭС" компаниясынын башкы директору Нурлан Садыков менен China National Heavy Machinery Corporation ишканасынын вице-президенти Женг Хансонг Орто-Токой чакан ГЭСин куруу боюнча келишимге кол коюшту. Бул туурасында Энергетика министрлиги кабарлады.
"Кубаттуулугу 21 мегаваттка чукул үч гидроагрегаты бар чакан ГЭСтин курулушу өлкөдөгү суу байлыгын сарамжалдуу пайдаланууга мүмкүнчүлүк берет", — деп айтылат маалыматта.
Орто-Токой суу сактагычы — Чу дарыясынын агымын жөндөө жана 120 гектар сугат жерди сугаруу үчүн курулган биринчи суу сактагыч. Орто-Токой чакан ГЭСинин иштеши суу сактагычтын сугат режимине карата жөнгө салынмакчы.
"Чакан ГЭС" Улуттук энергохолдингдин курамына кирет жана чакан гидроэлектростанциялар боюнча иш алып барат.
Радио
Өлкөдө 20дан ашуун кичи ГЭС курулууда. "Чакан ГЭСтин" маалыматы