Бүгүн Бишкекте энергетиктер чогулуп, көйгөйлүү маселелерди талкуулайт

Иш-чара Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген энергетиги, профессор Калый Рахимовдун 85 жылдыгына арналат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бүгүн Бишкекте "Кыргызстан энергетикасындагы өнүгүү көйгөйлөрү" деп аталган илимий-техникалык конференция өтөт. Бул тууралуу уюштуруу тобунан билдирди.
Иш-чара Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген энергетиги, профессор Калый Рахимовдун 85 жылдыгына арналат.
Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин имаратында өтчү конференцияга энергетика министри Таалай Ибраев баш болгон аталган тармактагы адистер катышып, бул жааттагы олуттуу көйгөйлөрдү талкуулашат.
Күрп-Сай ГЭСи беш жылда кантип курулган? Архивдик ирмемдер