УКМК үч милиция кызматкерин кармагандан кийин жетекчилери иштен бошотулду

УКМК Биринчи май РИИБдин үч кызматкерин Бишкектеги массаж салондорунун ээлеринен системалуу түрдө акча алып жүргөн деп кармаган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Биринчи май райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси жана орун басарлары ээлеген кызматтарынан бошотулду. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Буга чейин райондук милициянын үч кызматкерин УКМК массаж салондорунун ээлеринен акча алып жүргөн деп кармагандыгы белгилүү болгон.
"РИИБдин башчысы Мирлан Ниязалиев, анын ыкчам иштер боюнча орун басары Улан Орозалиев, кадр иштери боюнча орун басары Эрмек Момуналиев жана Бишкек ШИИБдин Кылмыш иликтөө башкармалыгынын башчысынын орун басары Улан Бектемишов ээлеген кызмат ордунан бошотулушту. Мындай чечим алардын кол алдындагыларга көзөмөлдүн жана кызматтык тартиптин начардыгы үчүн министрликтин коллегиясы тарабынан кабыл алынды", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын жетекчилери катуу тартиптик жоопкерчиликке тартылышканы кошумчаланган.
Милиция кызматкеринин үстүнөн кантип даттанса болот? ИИМ номерлерин жарыялады