УКМК массаж салондорунан акча алып жүргөн деп милициянын үч кызматкерин кармады

Алар РИИБдин кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы, улук ыкчам кызматкери жана ыкчам кызматкери экендиги маалымдалды.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. УКМК Биринчи май РИИБдин кызматкерлерин массаж кызматын көрсөткөн салондордун ээлеринен системалуу түрдө акча алып турган деп кармады. Мекеменин маалыматына ылайык, алар РИИБдин Кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы Э.Д.Т., улук ыкчам кызматкери М.Ж.К. жана ыкчам кызматкери Д.А.Б. экени айтылды.
"Кармалгандар Бишкектеги массаж салондордун ээлеринен акча каражаттарын алуу үчүн туруктуу коррупциялык схеманы уюштурушкандыгы аныкталды. Алар массаж салондоруна негизсиз рейддерди жүргүзүшкөн. Максат салон ээлеринен "калкалайбыз" деп ай сайын акы алып туруу болгон", — деп айтылат маалыматта.
Анда белгиленгендей, мындай "кызматтын" акысы 500дөн 1000 долларга чейин белгиленген.
"Массаж салондорунун ээлери менен кылмыш иликтөө бөлүмүнүн башчысы өзү сүйлөшүп, иштеп жаткан бизнесин мажбурлап жабуу менен коркутуп, ай сайын "акы төлөө" шартын койгон. Салон ээлери баш тарткан учурда түшкөн арыздардын негизинде рейддик иш-чараларды жүргүзүп, аларды камайбыз деп коркутуп турушкан. Акча алууда бир жолу колдонулуучу электрондук банк карталарын, ишенимдүү акча алмаштыруу жайларын жана башка түрдүү жолдорду колдонушкан", — деди УКМКдан.
Кармалгандар УКМКнын тергөө абагынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөө амалдары уланууда.
Милиция Бишкекте баңгизат саткан шектүүнү дрон менен аңдып кармады. Видео