Бишкекте акимиаттардын ордуна шаардык башкармалыктар түзүлөт

Жаңы түзүлгөн ар бир башкармалыкка 90-100 миңден калк туура келет. Жаралган көйгөйлөрдү эффективдүү чечүү үчүн аларга ыйгарым укуктар берилет жана каржыланат.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкек мэриясы калааны башкача башкарууга даярданууда. Мекемеден маалымдалгандай, эми борбор шаарда акимиаттар менен Муниципалдык аймактык башкармалыктардын ордуна шаар башкармалыктары түзүлөт. Реформа учурда даярдалып жатат. Бирок Бишкектин райондорго бөлүнүшү ушул боюнча калат.
Жаңы башкаруу үлгүсү пилоттук режимде биринчи Свердлов районунда ишке ашат, анда шаардык үч мекеме түзүлөт.
Билдирмеге караганда, ар бир башкармалыкка 90-100 миңден калк туура келет, жаралган көйгөйлөрдү эффективдүү чечүү үчүн аларга ыйгарым укуктар берилет жана каржыланат.
Мэрия башкаруунун жаңы үлгүсү Бишкек шаарынын жашоочуларына муниципалдык, социалдык жана тейлөө кызматтарын жеткиликтүү көрсөтүүгө өбөлгө болот деп эсептейт.
Бишкектин борбордук бөлүгүнө унаа токтоттурбай... Бийликтин планы