Кыргыз-тажик чек арасында чыр чыгышына жол бербөө. ЖККУнун миссиясы тууралуу

Уюмдун жаңы жетекчисинин активдүүлүгү, өлкө башчылары менен түз сүйлөшүүсү региондогу чакырыктардын баары, анын ичинде эң курчу да талкууланарынан үмүт берет. Бирок азырынча мамилени жөнгө салууда ЖККУнун орду кандай болорун божомолдой гана алабыз.
Sputnik
Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы чоң чырга айланган чек ара маселеси, тилекке каршы, эл аралык тургай регионалдык күн тартибинде да ири оюнчулардын көңүл сыртында калууда. Россия менен ЖККУдан башка эч ким абалды жөнгө салуунун форматын мындай кой, эки тарапка ортомчу болуу тууралуу да сөз кылган жок. Анткен менен дымактуу оюнчунун баарынын Борбор Азиядагы беш мамлекет менен кызматташуу жаатында программасы же стратегиясы бар. С5+ долбоорунун япониялык, америкалык, европа жана кытайлык форматы бар, Түрк мамлекеттеринин уюму иштеп жатат. Бирок булардын бири дагы жаңжалды басууга аралашкан жок.
Кыргызстан менен Тажикстандын коңшуларына да суроо көп. Акыркы жылдары интеграция идеясы көбүрөөк жаңырып, коңшу өлкөлөр биригип регионалдык субъектиликти жогорулатууга аракет кылып келет. Коңшулар тирешүүнү байкамаксан, бирок дал ушундай каршылашуу Борбор Азиядагы толук кандуу кызматташууга жолтоо болуп келет. Мисалы, 2022-жылдын июлунда Чолпон-Атада өткөн БА өлкө башчыларынын консультативдик жолугушуусунда Тажикстан менен Түркмөнстандын президенттери Достук, коңшулук жана кызматташуу боюнча келешимге кол коюудан баш тартты, болбосо анда бардык талаштуу маселелерди сүйлөшүү жолу менен чечүү каралган эле.
Россия үчүн маанилүү коңшу, ЖККУ боюнча өнөктөш болгон Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы мамилени калыбына келтирүү чыр башталгандан тарта эле принципиалдуу мүнөзгө ээ болчу. 2021-жылдын апрелинде болгон кандуу кагылышуудан кийин дароо эле жогорку деңгээлдеги үч тараптуу сүйлөшүүнү уюштуруу аракети көрүлгөн. Россия президенти Владимир Путин Москвага Жеңиш күнүн белгилөөгө келген тажик лидери Эмомали Рахмондун сапарынын алкагында Кыргызстандын жетекчиси Садыр Жапаровду да чакырууну пландаган. Бирок тараптардын жолугууга даяр эместигинен улам сүйлөшүү үзгүлтүккө учураган болчу.
Тилекке каршы, ортомчулукка жана үчүнчү күчкө дал ушундай ишенкиребеген этияттык ЖККУнун тынчтык орнотуу демилгелерин тушап койду. Болбосо Кыргызстан менен Тажикстандын өкүлдөрү бейформал түрдө уюм ичиндеги чыр-чатакты чечүү инструменттерин иштеп чыгуу зарылдыгы тууралуу айтышкан эле, бирок эч кандай конкреттүү кадам жасалган эмес. Натыйжада ишенимдин жоктугунан жана эки боордош өлкөнүн чек арасындагы абалдын курч бойдон калышына кызыкдар тараптардын аракети адам өлүмүнө жеткирген жаңжалдын улам чыгып турушун шарттады. Акыркы ирет мындай каргаша 2022-жылдын сентябрында болду.
ЖККУнун Башкы катчылыгына Казакстандын өкүлү, тажрыйбалуу саясий ишмер жана дипломат Имангали Тасмагамбетовдун шайланышы жалпы жонунан уюмга мүчө-мамлекеттер тарабынан жакшы кабыл алынды. Анын консультация үчүн Кыргызстан менен Тажикстанды тандап алышы да кубантарлык көрүнүш. Алгач Бишкекке, андан кийин Душанбеге болгон ырааттуу сапары, өлкө башчылар Садыр Жапаров жана Эмомали Рахмон менен, республикалардын коопсуздук катчылары менен болгон консультациялары, ошондой эле террорчулук менен күрөшүү, Афганистан менен байланышкан маселелердин көтөрүлүшү коңшулардын биргелешип аракет кылууга баш койгонун билдирип, бул өз кезегинде ЖККУ алкагында конструктивдүү кызматташуу үчүн негиз болуп бермекчи.
Чек ара чыры тууралуу ачык айтылбай, ЖККУнун катчылыгы "кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалды жумшартуу" боюнча иштер тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын шашылыш айтып чыккан маалда жаңы башчынын активдүүлүгү, өлкө башчылары менен түз сүйлөшүүсү регионалдык чакырыктар, анын ичинде эң эле курчтары да талкуулана баштайт деген ишенимди пайда кылды.
Сүйлөшүүлөр жабык өткөндүктөн ЖККУнун аракети кандай болорун биз болжолдой гана алабыз. Биринчиден, албетте, эки жактын макулдугу менен тараптардын элдешүүнүн талаптарын сактоосун көзөмөлдөгөн мониторинг кылуучу топторду түзүү. Буга Армения менен Азербайжандын Тоолуу Карабак боюнча элдешүүсүнүн нормаларынын сакталышын көзөмөлдөгөн россиялык-түркиялык мониторингдик борбор мисал боло алат. Мында техникалык каражаттардын жардамы менен кырдаалга көзөмөл жүргүзүлөт. Экинчиден, кыргыз-тажик чек арасын делимитациялоо боюнча жүрүп жаткан сүйлөшүүлөргө болушунча көмөктөшүү, зарылдык жаралса, Бишкек менен Душанбе макул болсо адистерди тартып, чек ара боюнча Россияда сакталган материалдарды пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү керек. Үчүнчүдөн, абалды жөнгө салуу үчүн чек ара аймагын демилитаризациялоо кажет, мында дал ЖККУнун техникалык мүмкүнчүлүгү тараптардын бири-бирине болгон ишенимин жогорулатып, милдеттерин аткарууга шарт түзмөк.
Мамлекеттер аралык бир дагы чыр кыска убакытта чечилбейт. Андыктан Тажикстан менен Кыргызстан өз ара мамилесин калыбына келтирүү үчүн узак жолду басып өтүшү керек. Эки республиканын ортосунда, жалпы эле Борбор Азия чөлкөмүндө тынчтык болушуна кызыкдар коңшу мамелкеттер менен өнөктөштөрдөн болчу жардамды кабыл ала билүү да чоң мааниге ээ.
Жапаров: Өзбекстан менен чек ара жаатында процесстер аяктады, бул — тарыхый окуя