БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргызстандын бийлиги өлкөдө орус тилинин ролу кандай экенин жакшы билет. Ошентсе да расмий тил жөнүндөгү мыйзам жаңыртылууга муктаж. Бул тууралуу Россиянын Кыргызстандагы элчиси Николай Удовиченко "Кыргызстандагы россиялык мекендештер" аттуу XIV форумунда билдирди.
Иш-чаранын темасы — "КМШ мамлекеттеринде орус тилинин жылы: Кыргыз Республикасындагы консолидацияланган иш-чаралар".
Удовиченко Кыргызстан менен Россиянын союздаш мамилеси бекем экенин жана эки өлкөнүн кызматташуусу мындан ары өнүгө турганын белгиледи.
"Кыргызстандын бийлиги жарандардын, анын ичинде россиялык мекендештердин коопсуздугун камсыздоо үчүн бардык күч-аракетин жумшап жатат. Жакында эле улуттар аралык кастыкты козуткандардын жоопкерчилигин күчөтүү боюнча кабыл алынган мыйзам буга далил. Мамлекеттик тил жөнүндө даярдалып жаткан мыйзам көптөрдү тынчсыздантып, ар кандай ойлор айтылып жатат. КР бийлиги орус тилинин ролу кандай экенин жакшы билет. Жыйынтыгында консенсустун негизинде чечим кабыл алынат деп ойлойбуз. Ошол эле учурда биз расмий тил боюнча мыйзамдын жаңыланышын колдойбуз", — деди Удовиченко.
Иш-чаранын катышуучулары мекендештер кыймылынын консолидациясын, Кыргызстанда орус тилин илгерилетүү үчүн колдоо көрсөтүү, укуктук коопсуздук, жаштар кыймылынын жаңы багыты жана Улуу Ата Мекендик согуштагы жеңиштин 78 жылдыгын белгилөө маселелерин талкуулап жатышат.