Бишкектин борбордук бөлүгүнө унаа токтоттурбай... Бийликтин планы

Быйыл газ менен жүргөн автобустар менен электр автобустарынын ири көлөмдө алып келиниши күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Бишкекте коомдук транспорт маселеси чечилгенден кийин катаал чаралар көрүлөт. Анын ичинде Бишкектин борбордук бөлүгүнө автоунаа токтобогудай кылуу каралууда. Бул тууралуу Бишкекти өнүктүрүү жана инвестиция тартуу агенттигинин директору Курманбек Молдокулов Россия менен Кыргызстандын эксперттери катышкан тегерек столдо билдирди.
Иш-чараны Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин алдындагы постсоветтик аймакта коомдук-саясий процесстерди иликтөө боюнча маалыматтык-аналитикалык борбор уюштурган.
Молдокулов коомдук транспорт багытында жасалып жаткан иштерди тизмектеди:
газ менен жүргөн 120 автобус алып келинди (шаардык бюджеттин эсебинен);
быйыл 120 электр автобусу менен газ менен жүргөн дагы 250 автобус алып келүү пландалууда (Азия өнүктүрүү банкы жана Евразия өнүктүрүү банкы тарабынан);
президент газ менен жүргөн 1000 автобус сатып алууну тапшырган, жарымы быйыл жайда келет.
"Коомдук транспорттун маселеси чечилгенден кийин эл ошолор менен гана жүргүдөй кылабыз. Шаардын борбордук бөлүгүнө автоунаа токтобогондой же токтосо да баасы кымбат болгудай шарттар түзүлөт. Москвада саатына 500 рублди түзөт", — деди Молдокулов.
Мэрия коомдук транспорттун жол киресин азырынча кымбаттатпай турган болду