Бишкекте 29-мартта КР менен РФтин өкмөттөр аралык комиссиясынын жыйыны өтөт

Жыйында орус тилдүү тогуз мектептин курулушун баштоо боюнча келишимге кол коюлары күтүлүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Кыргыз — Россия өкмөттөр аралык комиссиянын соода-экономикалык жана гуманитардык кызматташуу боюнча комиссиясынын жыйыны 29-март күнү Бишкекте өтөт. Маалыматты Sputnik агенттигине президенттин администрациясы ырастады.
РФ элчиси Николай Удовиченконун айтымында, иш-чарада Кыргызстанда орус тилдүү тогуз мектептин курулушу боюнча келишимге кол коюлат (ар бири 1 200 окуучуга ылайыкталат).
Быйыл мектептердин курулушун Бишкекте, Баткенде жана Караколдо, кийинки жылы Ошто, Таласта, Жалал-Абадда жана Новопавловкада баштоо пландалып жатат.
Бул мектептердин бүтүрүүчүлөрү Кыргызстандын жана Россиянын аттестатын алышат. Класстарда педагогдордун аралаш курамын түзүү (Кыргызстан менен Россиянын педагогдору) пландалууда. Ар бир билим берүү мекемесинде бассейн жана спорт аянтчалар болот.
"Россиялык мугалимдердин айлыгы РФ бюджетинен төлөнөт. Ал эми жергиликтүү мугалимдердикин бийлик ошол эле деңгээлде төлөп берүү милдетин мойнуна алды. Бул мектептер — билим берүү тармагына кошулган чоң салым", — деди элчи.
Ал ошондой эле Кыргызстанда россиялык 117 ыктыярчы мугалим иштеп жатканын, алардын көбү түштүк аймактарда экенин айтты.
РФ элчиси: КР бийлиги өлкөдө орус тилинин ролу кандай экенин жакшы билет