Милиция Бишкекте баңгизат саткан шектүүнү дрон менен аңдып кармады. Видео

ИИМ шектүүнүн кыймыл-аракетин дрон аркылуу көзөмөлдөп турган.
Sputnik
БИШКЕК, 24-мар. — Sputnik. Узакка созулган иш-чаранын жүрүшүндө Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат сатып жүргөн делген жаран кармалды. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы билдирди.
Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабанын 20 килограмм "афган чарсы" баңгизаты табылган.
"7-мартта жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин алкагында борбор калаанын Курманжан датка жана Волхов көчөлөрүнүн кесилишинен 60 жаштагы А.Б. аттуу жаран кармалып, жанынан 8 килограмм нашаа (афган чарсы) баңгизаты чыккан. Андан соң анын жашаган жерин тинткенде дагы 12 килограмм баңгизат табылды", — деп айтылат маалыматта.
1 / 2

Узакка созулган иш-чаранын жүрүшүндө Бишкекте ири өлчөмдө баңгизат сатып жүргөн делген жаран кармалды

2 / 2

Баңгизатты мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабанын 20 килограмм "афган чарсы" баңгизаты табылган

Бул факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренесинин ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын окшошторун сатуу максатында мыйзамсыз даярдоо") негизинде кылмыш иши козголгон.
Милиционер жарым тонна күкүрт кислотасын сатууга аракет кылып кармалган. Видео